24-май: күн ачык болот, абанын температурасы + 27 градуска көтөрүлөт

24 май 2019 09:01 605 Barometr
Бөлүшүү:
ok

24-майда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндуз 22…27;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус болот.

24-майда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Ссылка: https://barometr.kg/24-maj-kn-achyk-bolot-abanyn-temperaturasy-27-graduska-ktrlt



Добавить комментарий