24-июнь: абанын температурасы +34 градуска жогорулайт
24-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…21, күндүз 29…34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 31…33° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/24-iyun-abanyn-temperaturasy-34-graduska-zhogorulajt
Добавить комментарий ×