23 жаштагы кызды жүздөн ашык эркек зордуктады, 12 эркек кармалып соттолду

21 май 2019 16:35 9455 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кэсси Пайк аттуу 23 жаштагы британиялык кызды жүздөн ашык эркек зордуктаган, бирок полиция ал зордукчуларды эмес, кыздын өзүн кармады. Бул тууралуу The Sun. маалымат булагы жазды. 

Кызды биринчи ирет 11 жашында зордукташкан, ошондон кийин аны денесин сатууга мажбурлап келишкен. Сутенерлор ага бангизатын берип коюшкандыктан,  полицияга да көп ирет кармалып калчу. Басылманын маалыматында Кэсси бир жолу «жашы жете элек балдарга карата сексуалдык зомбулукка» байланыштуу кармалган. Бул окуя кыздын башка жашы жети элек кыз менен машинага бирге отургандыгына байланыштуу болгон. Кыз жалпысынан беш жолу соттолгондугун жана аны чакмакка алып пайдаланган эркектерге эч кандай жаза болбой тугандыгын айтат.

«Мен болгону 15 гана жашта болчумун жана алар менин жашоомду толугу менен көзөмөлгө алып келишти. Полиция кантип эле аларды эмес, мени кылмышкер дейт?»,-деп кейийт кыз.

Сексуалдык зомбулуктардын кесепетинен кыздын боюна да бүтүп, аборттон соң өзүн-өзү өлтүрүүнү каалап, таблеткаларды ичкен, бирок аны аман алып калышкан.

Узак убакыт боюу сексуалдык кулчулукта жүргөн кыз 2011-жылы кылмышкерлердин тобу кармалгандан кийин кайрадан полицияга кайрылган. Анын жардамы менен 18 эркек кармалып, айрымдары өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле кыздын арызына жооп берип, жардам бербеген полиция кызматкерлери дагы эркинен ажыратылышкан. Бул Улуу Британиядагы балдарга болгон сексуалдык зомбулукка байланыштуу ири окуя катары катталган.

Ссылка: https://barometr.kg/23-zhashtagy-kyzdy-zhzdn-ashyk-erkek-zorduktady-12-erkek-karmalyp-sottoldu



Добавить комментарий