23-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 23-январда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9 градус болот.
23-январда Бишкекте жаан жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° болот.
Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44 (Ийри-Суу тилкеси), 67-90-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү коркунучу бар.
Ушундай эле абал Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) да сакталат.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ссылка: https://barometr.kg/23-yanvarga-karata-aba-yrajy-tuuraluu-maalymat
Добавить комментарий ×