23-май: туруксуз аба ырайы күтүлөт
23-майда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат.
Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаайт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөрлөгөн жаан жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектериндеги райондодо сел жүрүшү ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;
Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндуз 23…28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 16…21;
Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус жылуу болот.
23-майда Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: түнкүсүн 9…11°, күндүз 22…24 градус жылыйт.
Ссылка: https://barometr.kg/23-maj-turuksuz-aba-yrajy-ktlt
Добавить комментарий ×