Кыргызстанда көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлдү

24 апрель 2020 13:40 1036 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 24-апрелине карата гидрологиялык обзор. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

2020-жылдын 24-апрелине карата маалымат боюнча Республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли  (1-10смге) көтөрүлдү. Алар: Жыргалаң, Чоң-Кызыл-Суу, Каракол, Чоң-Ак-Суу, Жети-Өгүз, Чоң-Кемин, Кегети, Аламүдүн, Беш-Таш, Күркүрөө-Суу, Нарын, Узун-Акмат, Чычкан, Падыша-Ата, Көгарт, Майлуу-Суу, Куршаб, Тар, Яссы, Кара-Кулжа, Каракол (Косчан), Исфайрам-Сай дарыялары, Нарын (Нарын ш.) дарыясында (21смге) көтөрүлдү. Ал эми калган дарыяларда  суунун деңгээли төмөндөдү, кээ биринде өзгөрүлгөн жок. 

Республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда суунун агымы көп жылдык байкоолордун чегинде байкалды. Жогорку ченемдеги агым Чоң-Кызыл-Суу, Каракол, Жети-Өгүз, Ала-Арча,  Сокулук, Талас (Үч-Кошой),Беш Таш, Күркүрөө-Суу, Нарын (баш жагы)  жана  Афлатун дарыяларында (124-195%да) байкалды. Төмөнкү ченеминдеги агым Кегети, Күмүш-Тоо, Көгарт,  Ак-Буура, Каракол (Косчан),  Исфайрам-Сай жана  Кара-Дарыя бассейининдеги Андижан суу сактагычына куйган дарыяларда (38-75%да) байкалды.  

 Республиканын аймагындагы байкоо жүргүзүлгөн суу сактагычтарга суунун кирүүсү нормага салыштырмалуу: Орто-Токой - 75%, Киров -20%, Токтогул - 102% ченемди түздү.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-24-apreline-karata-gidrologiyalyk-obzor



Добавить комментарий