Кыргызстанда бир суткада коменданттык эрежени 85 жаран бузган

11 апрель 2020 10:47 759 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 11-апрелине карата Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык режимдин эрежелерин бузган 85 жаран кармалды, 10 автоунаа атайын жайларга токтотулду. 

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча - 57,

Ош шаары боюнча - 7,

Жалал-Абад шаары - 14,

Сузак району– 4,

Кара Суу району-3.

Ал эми, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2327 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат. 

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-11-apreline-karata-85-zharan-zhetkirilip-10-avtounaa-toktotuldu



Добавить комментарий