2019-жылы Өзбекстанда көк бөрү боюнча чемпионат өтөт

10 сентябрь 2018 21:10 1894 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстанда 2019-жылы биринчи жолу көк бөрү боюнча чемпионат өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынан билдиришти. Маалым болгондой, бул боюнча сүйлөшүүлөр 8-сентябрда Ысык-Көлдө жүргөн. Азырынча кайсы күнү жана кайсы шаарда өтөөрү тактала элек.

Белгилей кетсек, Учүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Өзбекстан көкбөрү боюнча күмүш медаль утуп алган. Жарым финалда өзбек оюнчулары казак атаандаштарын утуп, бирок кыргыз улакчыларына 32:9 эсебинде жеңилип калышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/2019-zhyly-zbekstanda-kk-br-boyuncha-chempionat-tt



Добавить комментарий