18-май: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт

18 май 2019 09:15 734 Barometr
Бөлүшүү:
ok

18-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10 градус жылуу болот.

18-майда Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы: түнкүсүн 9…11°, күндүз 23…25° жылыйт.

Ссылка: https://barometr.kg/18-maj-kpchlk-ajmaktarda-zhaan-zhaap-kn-krkrjt



Добавить комментарий