№17 троллейбус менен жеңил унаа кагылышып, кырсыктан айдоочу каза тапты
Бөлүшүү:
Бишкекте бүгүн эртең менен №17 троллейбус менен женил унаа кагылышып, кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза тапты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Кырсык бүгүн 5-декабрда эртең мененки саат 07:00 чамасында болгон.
Троллейбус Юнусалиев көчөсү аркылуу түндүк тарапты көздөй баратканда Суванбердиев атындагы көчөнүн кесилишинде жеңил автоунаа каршы тилкеге чыгып, кагылышуу болгону айтылып жатат. Автоунаанын айдоочусу ошол жерде каза болгон. Троллейбустун айдоочусу ооруканада экени кабарланды.
Ссылка: https://barometr.kg/17-trollejbus-menen-zheil-unaa-kagylyshyp-kyrsyktan-ajdoochu-kaza-tapty
Добавить комментарий ×