17 кишинин өмүрүн алган ысык

6 июль 2018 03:30 1739 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өлүм менен коштолгон аптап Канадада катталууда. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты. Билдирүүгө ылайык, Канаданын Монреаль шаарында абанын температурасы 40 градустан жогору болуп, 12 киши каза болгон. Мындай ысык аба ырайы шаарда жума күнгө чейин сакталарын синоптиктер айтууда.

Ченемден ашкан аптап өлкөнүн чыгыш аймагында да 5 кишинин өлүмүнө алып келди. Өлкөнүн Тез жардам кызматына күн сайын миңдеген телефон чалуулар келип түшүүдө.

Монреаль менен Торонто шаарларында "муздатуучу борборлор" ачылып, элге муздак суусундактар таратылып жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы 7-9-июль күндөрү ченемден тышкары ысык аба-ырайы боло турганын Кыргызгидромет эскерткен.




Ссылка: https://barometr.kg/17-kishinin-mrn-algan-ysyk



Добавить комментарий