155 кг салмактагы супермодель кантип спорт менен машыгып жатканын көрсөттү

10 август 2018 02:50 1718 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

155 кг салмактагы Америкалык супермодель Тесс Холидей кантип спорт менен машыгып жатканын көргөздү. Ал гантелдин ордуна суу куюлган бөтөлкө менен жеңил көнүгүүлөрдү жасайт. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына видеосун киргизген. Тесс өзүнүн ашыкча салмактагы дене түзүлүшүнөн уялбайт. Семиздиги үй-бүлөлүк жашоосуна дагы терс таасирин тийгизген эмес. Ал эки баланын бактылуу энеси жана жолдошу бар. Жолдошу Австралиялык Ник Холлидей сүрөтчү болуп иштейт. Тесстин айтымында аялынын семиздигин жолдошу  абдан баалайт. Чындыгында анын толуктугу ага популярдуулукту алып келген.  

Айтмакчы, Тесс Холидей Америкадагы белгилүү компаниялардын биринде plus-size аялдар үчүн ич кийимдерди жарнамалаган моделдердин бири. Аны айрым журналдар жылаңач журнал бетине сүрөткө түшүп чыгуусуна дагы сунуштарды киргизген. 

Ссылка: https://barometr.kg/155-kg-salmaktagy-supermodel-kantip-sport-menen-mashygyp-zhatkanyn-krstt



Добавить комментарий