15-январдан тартып айрым камсыздандыруу төгүмдөрүн ишке ашыруу соцфонддон салык кызматына өттү
2019-жылдын 15-январынан тартып мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы социалдык фонддон КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматына өттү. Бул тууралуу салык кызматынан маалымдашты.
Өткөрүлүп берилген функциялардын жана ыйгарым укуктардын алкагында салык органдары төмөнкүлөрдү ишке ашырышат:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, эсепке алуу;
- камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда төмөнкү функциялар калды:
- пенсияларды, жөлөкпулдарды дайындоону, компенсацияларды кошуп эсептөөнү жана аларды төлөөнү уюштуруу;
- өлкөнүн аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактарды эсепке алууну жүргүзүү;
- "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандырылган адамдардын жекече (индивидуалдык) эсебин жүргүзүү;
- кызматкерлердин жана башка жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүгө күнөөлүү болушкан иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан эмгектик мертинүүсүнүн, кесиптик дартка чалдыгуусунун натыйжасында келип чыккан майыптыгы боюнча мамлекеттик пенсиялардын же баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялардын суммаларын өндүрүү.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, мамлекеттик салык кызматы жарандарды Салык кызматынын компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча салык органдарына кайрылууга, ал эми Социалдык фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча Социалдык фонддун органдарына кайрылууга чакырат.
Кененирээк маалыматты 194 (МСК) жана 1202 (СФ) номерлери аркылуу алууга болот.
Добавить комментарий ×