15-май: күн ысыйт, абанын температурасы +28 градус болот

15 май 2019 09:19 15067 Barometr
Бөлүшүү:
ok

15-майда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,

Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...24,

Нарын аймагында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 4...9 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 26...28 градус болот. Жаан-чачын жаабайт.

Ссылка: https://barometr.kg/15-maj-kn-ysyjt-abanyn-temperaturasy-28-gradus-bolot



Добавить комментарий