Түштүк жергесинде бир күндө эки адам сууга чөктү
Кечээ, Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында Кум айылында Нарын дарыясына 2003-жылы туулган бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМнин РӨКОнун Таш-Көмүр шаардык №2 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары жана Аксы райондук №30 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, жалпы 15 куткаруучу тартылган.
Издөө иштери улантылат.
Ошол эле күнү, Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына эркек адам (аты жөнү такталууда) түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык №94 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана ИИМден 6 кызматкер тартылды.
Ссылка: https://barometr.kg/14-iyun-kn-kara-suu-daryyasyna-erkek-adam-tshp-ketken
Добавить комментарий ×