14 гана жашка чыккан. Токмокто өспүрүм кыз көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду
Токмокто курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өспүрүм кыз кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 3-июль күнү болгон.
"3-июлда милицияга Токмок шаарында жайгашкан курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашы жете элек кыздын кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Алынган маалымат боюнча, тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып кетишкен. Милиция кызматкерлери барганда алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон 2008-жылы туулган Б.А.нын жансыз денеси табылган.
.Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/14-gana-zhashka-chykkan-tokmokto-sprm-kyz-kp-kabattuu-jdn-kulap-kaza-boldu
Добавить комментарий ×