14-февралга карата күтүлгөн аба ырайы. Кар жаашы күтүлөт

14 февраль 2019 09:15 918 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6, Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6, Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9.

Бишкекте эртең жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жана кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +3…+5.

Ош шаарында 14-февралдарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн +2…+4, күндүз +5…+7.

Ссылка: https://barometr.kg/14-fevralga-karata-ktlgn-aba-yrajy-kar-zhaashy-ktlt



Добавить комментарий