12-июнь: өткүн өтүп, күн күркүрөйт

12 июнь 2019 08:08 1029 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 12-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан катуу болот. Айрым аймактарда мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Суусамырда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте 12-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 23…25 градус жогору болот.

Ссылка: https://barometr.kg/12-iyun-tkn-tp-kn-krkrjt



Добавить комментарий