11-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 11-декабрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8 градус болот.
Бишкек шаарында 11-декабрда кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы +5…+7° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/11-dekabrga-karata-aba-yrajy-tuuraluu-maalymat
Добавить комментарий ×