Талас, Ысык-Көл облустарында үшүк жүрөт
11-апрелде Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -2 градустан -4° чейин абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт, үшүк жүрөт. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 6-апрелинде телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген
Добавить комментарий ×