1-апрель: баардык аймактарда жамгыр жаап, температура төмөндөйт
1-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17,
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,
Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/1-aprel-baardyk-ajmaktarda-zhamgyr-zhaap-temperatura-tmndjt
Добавить комментарий ×