Жолдуу болуш үчүн кандай жууркан-төшөккө жатуу керек?
Адам жашоосунун ажырагыз бөлүгү бул түнкү эс алуу. Уйкунун мыкты болушу бекем ден соолукка жол ачат. Фен-шуй же болбосо предметтерди мейкиндикке жайгаштыруу боюнча илимде уктоочу бөлмөдөгү жууркан-төшөк адам жашоосуна чоң таасир берет деп эсептелет.
Түстөрдүн политрасы байыркы кытайдын окуулары боюнча Инь жана Янь деп бөлүнөт.
Инь түстөрдөн сиз тынчтанууну алып маселелерди унутасыз
Маанайыңыз тынчтаныш үчүн ак түстүү шейшепке жатыңыз.
Стресстен чыгыш үчүн, карьерада жана бизнесте ишиңиз жүрүшсүн десеңиз жашыл шейшептүү төшөктө уктаган жакшы.
Тескери таасирди сыйа түс жоготот жана интуицияны күчөтөт.
Кызгылтым түс жалгыздыктан куткарып, сизди бактылуу кылып, жашооңузга сүйүү жана романтика алып келет.
Акыл эмгегинен келип чыккан чыңалууну көгүлтүр түс нейтралдаштырат.
Күч-кубат алыш үчүн Янь түстөрдү колдонгон жакшы натыйжа берет
- Ажырашууну алдын алыш үчүн жана эмгек жөндөмүн жогорулатыш үчүн, ошондой эле жөн гана кубаныч тартуулаш үчүн сары түстүү шейшеп сатып алыңыз.
- Интимдик жашоодогу пикир келишпестикти жөнгө салууда, депрессиядан кутулууда ачык кызыл түстөгү жууркан-төшөктү колдонгон туура.
Кызыл түстүү жуурканды же шейшепти убактылуу гана колдонуу керек..
Адистердин пикиринде, кызыл түстүү шейшеп, жууркандарды дайыма колдонуу уруш-талашты пайда кылышы мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/zholduu-bolush-chn-kandaj-zhuurkan-tshkk-zhatuu-kerek
Добавить комментарий ×