Кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар текшерилүүдө

20 августа 2025 19:00 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар текшерилүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы биолдирди.

Акыркы учурларда оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар тарабынан жол кырсыктары катталып, адам өлүмү менен коштолгон учурлар байкалууда. 

Ошондой эле оор жүк ташыган унаалар шаар ичинде жүрүп, чоң жолдорду талкалап койгон учурлары да катталууда.

Мындай жол кырсыктарынын жана жол бузууларынын алдын алуу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарына карата рейд өткөрүлүүдө.

Рейд13-августтан тартып өткөрүлүп,  бүгүнкү күнгө чейин  97 млн 973 миң сомго айып салынды.

Оор жана коопту жүктөрдү ташуучу унааларды текшерүү рейддик иш-чарасы мындан ары да улантылат.

Ссылка: https://barometr.kg/kooptuu-zhktrd-tashygan-unaalar-teksherild



Добавить комментарий