Баткенде 1 млн 200 миң сомдук “Коонду” мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды
ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз 1 200 000 сомдук “Коон” ташып келе жаткан жаран Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсызташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен областында З. Уулу О. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “ ВОЛЬВО-FH12”үлгүсүндөгү транспорт каражатын “Шмитц” маркасындагы чиркегичи менен токтотуп текшерүүгө алышкан.Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.
Добавить комментарий ×