COVID-19: Бишкекте абал оор, баардыгы 499 учур катталды

4 июня 2020 15:57 14142 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда. Акыркы саттарга алынган маалымат боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында коронавирус 499 адамда тастыкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

"Алардын 77си четтен келген жана 422си байланышта болгон жарандардан аныкталган. Медициналык көзөмөлдө 155 адам турат. Ага карабастан, айыгып ооруканадан чыгарылган бейтаптардын саны да жогору болуп - 300 адамга жетти" - деп билдирди вице-мэри Татьяна Кузнецова.

Брифингдин спикери шаардыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун сактоого, беткап тагынууга, социалдык аралыкты жана санитардык ченемдерди аткарууга чакырды. Бардык уюмдардын, дүкөндөрдүн жана кафелердин жетекчилери кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды сактоо боюнча жоопкерчилик алаарын баса белгиледи. 

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-4-iyununa-karata-bishkekte-499-zharan-tastyktaldy



Добавить комментарий