Жол кырсыгынын кесепетинен дайынсыз жоголгон 2 адамдын бирөөнүн сөөгү табылды

26 июня 2018 21:30 2243 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok


Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен жоголгон эки адамдын бирөөсү табылды. Бул тууралуу   КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  унааны суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен чыкты. Учурда дагы 1 адамды издөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Эске салсак, бүгүн эртең менен Ош унаа жолунун 264-чакырымында Хонда-Степ үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, дагы эки киши табылбай жаткан. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-kyrsygynyn-kesepetinen-dajynsyz-zhogolgon-2-adamdyn-birnn-sg-tabyldy



Добавить комментарий