Өзгөндө аялын токмоктогон күйөсүнө карта кылмыш иши козголду

7 июня 2018 20:20 3189 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош областынын милиция кызматкерлери Өзгөндө аялын токмоктогон күйөсүнө карта кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдайт.

2018-жылдын 23-май күнү Өзгөн районунун 1985-жылы туулган Д.Ж. жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анын айтымында 21-май күнү саат 22:30 чамасында, аны үйүндө өмүрлүк жолдошу 1984-жылы туулган К.Ж. аттуу ур-токмоко алып денесине оор-залал келтирген. Бул арыздын негизинде жабырлануучунун алган жаратын канчалык деңгээлде экендигин тактоо максатында соттук- медициналык экспертиза дайындалып, дарылануу үчүн Ош шаарына жөнөтүлгөн. Дарылаган даарыгердин маалыматынан аялынын денесине келтирген жараты үчүн 5-июнь күнү өмүрлүк жолдошуна карата Кыргыз Республикасынын кылмыш –жаза кодексинин 105-беренси (Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-ayalyn-tokmoktogon-kjsn-karta-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий