Юлия Руцкаянын атасын акыркы сапарга узатуу зыйнаты Беларусиядагы Барановичи шаарында өтөт

3 августа 2018 19:00 1845 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Белгилүү ырчы Юлия Руцкаянын атасы Сергей Руцкийди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-августта Беларусиядагы Баранович шаарында "Маданият сарайында" саат 12:00дө болмокчу. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти. 

Сергей Руцкий 1-августта Минск шаарында 67 жаш курагында каза болду. Ал Кыргызстандын Беларусиядагы тунгуч элчиси болгон.  1992-1993-жылдары Белоруссиянын Министрлер советинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, ал эми 1993-1995-жылдары аталган өлкөнүн КРдеги элчиси болгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/yuliya-ruckayanyn-atasyn-akyrky-saparga-uzatuu-zyjnaty-belarusiyadagy-baranovichi-shaarynda-tt



Добавить комментарий