Тартип сакчылар баңги зат менен кармалды

29 мая 2018 20:50 1520 Barometr
Поделиться в:
ok

Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын криминалдык полиция кызматынын өкүлү жана мамлекеттик чек ара кызматынын аскери колго түшүрүлгөндүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 27-майда Бишкек шаарынан ыкчам иликтөө тобу тарабынан шектүүлөрдү тинтүүдө жанында ширеңке кутусуна салынган жашыл заттар табылган. Экспертиза ал гашиш экенин көрсөттү. Кармалгандар убактылуу кармоо изоляторуна жеткирилди. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/tartip-sakchylar-bagi-zat-menen-karmaldy



Добавить комментарий