СССРдин Жогорку Кеңешинин акыркы төрагасы көз жумду

10 января 2019 09:19 1403 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

СССРдин Жогорку Кеңешинин акыркы төрагасы болуп эмгектенген Анатолий Лукьянов дүйнө салды. Бул тууралуу Орусиялык басылмалар жазышты. 

Маалыматка ылайык, төрага көптөн бери созулуп келген оорудан улам каза болгон. 

Лукьянов 1961-жылдан баштап  СССР Жогорку Кеңешинин президиумунун аппаратында иштөө менен бийликтеги карьерасын баштаган. 

1990-жылы Михаил Горбачев СССРдин президенти болуп шайлангандан кийин Лукьянов СССР Жогорку Кеңешинин төрагасы кызматын ээлеген. 1991-жылы ГКЧП окуясына байланыштуу кармалган.

1994-жылы мунапыс менен бошотулган. Лукьянов 1994-2000-жылдары Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин президиумунун мүчөсү болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/sssrdin-zhogorku-keeshinin-akyrky-tragasy-kz-zhumdu



Добавить комментарий