Дубайда атайын төөлөрдү дарылай турган клиника ачылды

20 декабря 2017 09:23 628 Barometr
Поделиться в:
ok

Бириккен Араб Эмиратында Дубай шаарында бир гана төөлөрдү дарылай турган клиника ачылды. Мындай дарылоо мекемесинин курулушуна 11 миллион долллар жумшалган. Мекемеде дүйнөлүк ысымдагы ветеринарлар иштемекчи.

Төөлөр Перс булуңунун араб мамлекеттеринин жашоочулары үчүн эң сүйүктүү багылып өстүрүүчүлөрдүн катарына кирет. Бул жаныбарлардын наркы үзгүлтүксүз өтүп туруучу аукциндордо бир нече миллион долларга жетет. Аймактарда ошондой эле төөлөр арасында сулуулук сынактары дагы уюштурулуп турат.

Буга байланыштуу төөлөргө атайын бейтапкана куруу чечими чыгарылган.

Анда 20 жаныбай дарылануудан өтсө болот, клиника акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык техника менен жабдылган. Клиникада ал турсун кичи ипподром дагы бар, ал жакта төөлөр дарылануу процедуралардан чыккандан кийин «ден соолугун» чыңдашат.

Бул бейтапканада төөлөргө операция жасоонун баасы 1000 доллардан, ал эми рентген же ультраүндүү текшерүү 100 доллардан башталат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9966



Добавить комментарий