Мектептерде окуучу кыздардын кыздык белгилерин текшерүү күчөтүлдү

19 декабря 2017 13:23 3889 Barometr
Поделиться в:
ok

Анжияндагы №6 өзбек орто мектебинин 9-класстын окуучусунун боюна бүтүп калганы тууралуу маалымат тарагандан баштап, шаардын мектептеринде кыздардын кыздык белгисин текшерүү күчөтүлгөн.

Аталган мектепти ӊ жетекчилеринин биринин берген маалыматына ылайык, бул кыздын боюнда бар экени, ал ноябрь айларында бир нече күн мектепке барбай калганда билинген. Бул тууралуу «Озодлик» радиосу билдирди.

Окуучу кыздын чоң апасы, небересинин дене табы жогорулап үйдө жатканын айткан. Медициналык текшерүүдөн кийин, 15 жаштагы кыздын боюнда бар экени аныкталган.

Мектептин мугалимдери кыздын боюна  жайында бүткөндүктөн, буга жоопкерчилик албай турганын айтышкан. Баарына белгилүү болгондой, мектептен тышкары баланын абалына анын ата-энеси жооптуу.

Ал кыз азыр мектепке бара элек. Эми жергиликтүү бийлик органдары 15 жаштагы окуучу кыздын кимден боюна бүткөнүн аныктап жатышат.

Басылма билдиргендей, кыздын атасы каза болуп калган, ал эми энеси иштегени Россияга кеткен. Кыз учурда чоң энеси, эжеси жана байкеси менен чогуу жашайт.

Анжияндагы активисттердин айтымында, кыздын кош бойлуу экендиги тууралуу маалыматтан кийин шаар администрациясы мектептерде кыздардын кыздык белгилерин текшерүүнү күчөткөн.

Анжияндагы укук коргоо органдарынын кызматкеринин айтымында, окуучу кыздын дайыма көрсөтмөсүн өзгөртүп турушу иликтөөнүн ишин оорлотуп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9933



Добавить комментарий