Ырчы Күлипа Керимбаеванын көзү ачылып кеткени чынбы?

18 декабря 2017 16:42 4620 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Күлипа Керимбаева эжебиз атагы таш жарып турганда далай чыгармачыл адамдарга жардам бергенин, жөнөкөй, жароокер, боорукер, берешендигин укканбыз. Кийинки күнү жеке концерт бербей калды, бирок, чакырган жерлерге барып жүрөт. “Көзү ачылып кеткен” деп угуп, аны тактоо үчүн barometr.kg өзүнө кайрылдык.

“Колунда оту бар. Адам карап жатат. Атүгүл, колуна кашык, вилка жармашып калат” дегенди уктук. Мындай  касиетиңизди көргөндөр болгон турбайбы? Чынбы же калппы?”-,десек, күлүп: “Алаканым катуу ысыганда каякка коерумду билбей калам. Андай учурда муздак издейм, темирге колумду коем. Бирок, темир эмес, адамдарды көрүшүм керек болуп калат. Жанымда отурган адамдын жаман энергиясын билип коем. Анткени, ал эмес, мен кыйналам. Анан ага кантип тазаланыштын жолун айтам. Макул болсо, дем салып берем. Кичинекей балдар ыйлап атса да, эмдеп-домдоп коем. Газета, арча же бычак менен ырымдап, эмдеп коем. Негизи ар бир адамда касиет бар. Болгону ошону туура пайдаланып, ага ишенүү керек! “Суунун аты Сулайман” деп бекер айтылган эмес да. Көзүгүп калсаң же өзүңдү жаман сезип турсаң, бир идишке суу куюп, Курандагы Кулхулдабатты 8 жолу окуп, эңкейип үч жолу бети-колду жууш керек! 5 мүнөттөн кийин эле жакшы болуп каласың,-дейт ырчы Күлипа Керимбаева.

Ссылка: https://barometr.kg/content9901



Добавить комментарий