Тауекел, актер: «Кыргызстандык модель кыз менен сүйүү мамилем жок»

15 декабря 2017 10:31 5695 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын жылдызы, атактуу актер Тауекел Мусилим Nur.kz сайтынын кабарчысынын анын кыргызстандык модель менен мамилелери тууралуу суроосуна жооп берди.

«Менин кошуна мамлекеттин модель кызы менен болгон достугум жөнүндө кептер беш жылдан бери айтылып келатат.  Экөөбүздүн ортобузда олуттуу эч нерсе жок, биз жөн гана досбуз. Жана азыркыга чейин достугубуз уланып келет. Эгер мен башка улуттагы кызды жактырып калган күндө деле апам мындай никени колдобойт. Бизде өзүбүздүн менталитетибиз, салтыбыз бар, казакты казак гана түшүнөт”,-дейт ал.

Мындан тышкары актер келечектеги пландары менен бөлүштү.

«Саясатка барам деп ишенимдүү айта албайм. Бирок өзүмдүн жеке ишимди ачууну пландап жүрөм. Чыгармачылык карыганга чейин туруктуу киреше алып келет деп ишенбеш керек. Дайыма кошумча киреше алып келген булагыӊ болушу керек»,-дейт ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content9822



Добавить комментарий