Кызганычтан айынан аялынын колун кесип салган жаран камакка алынды

13 декабря 2017 10:17 4578 Barometr
Поделиться в:
ok

Москва областында күйөөсү аялын катуу кызганып, аны токойго алып барып колун балта менен аралаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Мындай үрөй учурган окуя Серпуховда болгон. Аялына кордук көрсөткөндөн кийин күйөөсү аны ооруканага өзү алып келген.

Жубайлар 2012-жылы баш кошушкан, эки баласы бар.

Жабырлануучунун апасынын айтымында, акыркы убактарда 26 жаштагы кызы Маргарита менен жолдошу экөө чогуу жашабай калышкан.

«Алар ажырашалы деп жатышкан, бул кызымдын каалоосу эле. Муну уккан жолдошу анын паспортун тытып, өзүн токмоктоп салган. Кийин пальтосун кескилеген. Кийинчерээк кызымды токойго алып барып кекиртегине бычак такап коркутуп жүрүптүр. Ошондон кийин мен арыз жазгам. Арадан эки-үч жума өттү, ошондо эле кызымдын жолдошу пландарын ишке ашырганга даярданып жүргөн го. Ал кызыма «сенин бетине кислота чачам же эч ким таппагандай кылып жерге көөмп салам» деп коркутчу»,-дейт апасы.

Белгилүү болгондой, дарыгерлер жабырлануучунун колун тигип, укмуштуудай операция жасашкан. Москвадагы Жадкевич атындагы 71-бейтапкананын дарыгер-микрохирургунун айтымында,башында «оӊ жана сол манжасын ампутациялоо» деген аныктама коюлган.

Серпухов соту жаранды камакка алган, ага карата кылмыш иши козголду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9729



Добавить комментарий