Кыргызстан Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун аудитинен ийгиликтүү өттү

12 декабря 2017 16:21 603 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеӊештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев (КСДП) Кыргызстан качандыр бир убакта «кара» тизмеден чыгабы деп кызыкты.

Депутаттын суроосуна жооп берип жатып, Транспорт жана байланыштар министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев, кечээ Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун аудити аяктаганын, андан Кыргызстан ийгиликтүү өткөнүн айтты.
«Эл аралык уюм «Манас» эл аралык аэропортун, авиакомпанияларды жана Жарандык авиация агенттигин текшерүүдөн өткөрдү. Буга чейин бул жаатта бир топ эскертүүлөр берилген, бирок кечээ биз аудиттен ийгиликтүү өттүк. Алар кемчиликтер бар бирок жалпысынан жакшы деп баалашты», - деди ал.

Статс-катчы, тараптарлар 2018-жылдын аягына дейре бардык пункттарды бүтүрүү боюнча сүйлөштү деп кошумчалады.

«Биз «кара» тизмеден чыгабыз деп ишенебиз», -дейт ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content9714



Добавить комментарий