Гүлшайыр Садыбакасова эмне "кылмыш" кылды?

12 декабря 2017 11:46 13517 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн ырчы Сайкал Садыбакасованын туулган күнү. Сайкалды жарык дүйнөгө алып келген апасы Гүлшайыр Садыбакасова barometr.kgге кыскача маек курду.

- Эже, Сайкал кызыңыздын нак туулган күнү бүгүн турбайбы. Атайы өзүңүздүн туулган күнүңүзгө тууралап жаздырып алдыңыз беле? Анда “кылмыш” кылыпсыз да?

- (Күлүп) Ооба, Сайкалдын нак туулган күнү бүгүн. Өзүмдүн туулган күнүмдү 10-декабрда өткөрүп, эки күндөн кийин, 12-декабрда Сайкалды төрөгөм. Дайыма чогуу өткөрүп жүрөлү деген ниетте Сакуну (кызымды ушинтип эркелетем) 10-декабрга жаздырып алган элем. Кызымдын күйөөгө тийип, башкага бүлө болоору эсиме келбептир! Быйыл Сакум экөөбүз эки башка өткөрдүк. Сайкалдын туулган күнүн күйөө балам Максат “Изюм” ресторанында өткөрдү. Бишкектен атайы Сакунун курбулары Малика Дина, Айпери Эрматова келишти. Меникин болсо туугандарым өткөрүп беришти. “Кыз Бурак” тобунун мурунку солисттери: Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова келишти. Кызым экөөбүздүн өздүк майрамыбыз көңүлдүү өттү!

- Күйөө балаңыздан кандай белек алдыңыз?

- Күйөө балам Сайкал экөөбүзгө тең алтын сөйкө белек кылды. Мага жакканы Сайкал экөөбүздүн сүрөтүбүз түшүрүлгөн торт болду. Аябай көңүлүбүздү көтөрдү! Быйылкы туулган күнүбүз өтө көңүлдүү өттү десем болот. Айрыкча жаштар ырдап, бийлеп таң атканча жыргашты!

- “Дагы бир жылга карыдык” деп кейигендер болот экен. Сизде мындай көрүнүш жокпу?

- (Күлүп) Ооба, улгайган сайын ар бир күн кымбат экенин сезип турасың. Кудайга шүгүр, быйыл 64-кышты тостум. Өмүрүм дагы бир жашка кемиди. Бир чети кубанычтуу, бир чети өкүнүчтүү!

- Кечээ ырчы Күлипа Керимбаева “Фейсбукчуларды” кафеге чогултту. Ал жерге сиз дагы келипсиз. “Фейсбук” сиз үчүн кандай түшүнүк?

- “Фейсбук” деген өзүнчө бир айылды түшүндүрөт. Демек, ошол айылдын адамдары топтолуп, баарлашса бул чоң бакыт да! Бул жалган жашоодо адамдар бири-бирибизге жакшы сөз айтып, сыйлашып жүрсөк. Мына бүгүн – адабият күнү. Учурдан пайдаланып, акын, жазуучуларды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайм.

Ссылка: https://barometr.kg/content9699



Добавить комментарий