Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата кайрылуу жолдоду

12 декабря 2017 10:59 1424 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Төмөндө президенттин кайрылуусунун тексти:

“12-декабрда бүткүл прогрессивдүү адамзат улуу ойчул, гуманист жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүн белгилейт. 

Бул күн Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары жарыяланган. Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 2018-жылы белгилене турган 90 жылдык мааракеси бүгүн башталат.
Чынгыз Айтматов аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып, дүйнөлүк цивилизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салымын кошкон кыргыздын улуу инсаны.
Ал ааламдык ойчул экендигин дүйнөгө таанытты. Айтматовдук рух дөөлөтүн жаратты. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары “ички рухтун эркиндиги үчүн ар дайым күрөшкө чакырат.” 
“Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт”. Бул сөз Айтматовдун жазуучулук башкы миссиясы. Айтматов өзүнүн улуу чыгармалары менен дүйнөнү өзгөрттү, биздин көз карашыбызды, дүйнө таанымыбыздын чабытын кеңейтти. 
Айтматовдун көркөм адабияты көкүрөккө асылдыктын үрөнүн сээп, тазалыкка, аруулукка үндөп келет. Жазуучунун улуу көркөм мурасын терең өздөштүрүү, кеңири жайылтуу жана анын гуманисттик идеяларын окуп үйрөнүү өзгөчө мааниге ээ. Айтматов - доордун үнү, доордун чындыгы. Айтматовдун көркөм дүйнөсү түбөлүктүү. 
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык мекендештерибизди бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктайм! Бул майрам - улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнөбүздүн майрамы!”.

Ссылка: https://barometr.kg/content9696



Добавить комментарий