Бишкек ШИИББси: Чубак ажынын мыйзамдуу жубайы өз жашоосу үчүн кооптонуп жатат

9 декабря 2017 19:06 5784 Barometr
Поделиться в:
ok

Мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун расмий никедеги жубайы Гүлнура Жалилованын укуктук жардам сурап кайрылганы чын. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда, Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 9-декабрда, милиция кызматкерлери, соцтармактарга жарыяланган маалымат боюнча сурактын жүрүшүндө, Жалилова чыны менен эле «Сезим» кризистик борборуна укуктук жардам сурап кайрылганын аныкташкан.

Жалилова ырастагандай, балдарынын жашоосуна кооптонуп жатат. Анын билдирүүсү милицияда каттоого алынды.

Эске салсак, кечээ, 8-декабрда, социалдык тармактарда Чубак ажы Жалиловдун жубайы Гүлнур Жалилованын каты жарыяланган.

Катта анын балдарынын коопсуздугу жана өзүнүн жашоосу үчүн тынчсызданып жатканы билдирилген. Кат «Сезим» кризистик борборуна даректелген.

Ал тиешелүү органдар аны Чубак ажыдан коргоосун өтүнгөн.

Эске салсак, 28-ноябрда, социалдык тармактарда видео жазуу жарыяланган. Анда Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов экинчи ирет үйлөнгөнүн, бирок ошол эле учурда биринчи никедеги жубайы менен ажырашпаганын билдирген болчу.

Чубак ажы, Кыргызстанда башка мусулмандарды дагы, эгер мүмкүнчүлүк болсо, жашоодон кысталган аялдарга үйлөнүүгө чакырган.

"Ооба мен жакында эле экинчи жолу үйлөндүм. Менин эки аялым бар. Жолдошу каза болуп калган жесир аялга үйлөндүм, ал Түркияда бала багуучу болуп иштеген. Шариятка ылайык, эркектер экинчи же үчүнчү аялы кылып жашоодон запкы көргөн, кыйналган же жесир аялдарга үйлөнөт. Бизде азыр кыргыз аялдары акча табам деп мажбур түрдө чет жактарга иштегени кетип жатышат. Биз кыргыз эркектери аларга жардам беришибиз керек, намыстанышыбыз керек. Ошон үчүн мен экинчи аял алдым. Эч кимден жашырган жерим жок, ата-энем, жубайым баарын билишет. Шарияттын бардык мыйзамдарына ылайык үйлөндүм. Албетте менин биринчи аялым капа болду буга, анын кызганууга, капа болгонго укугу бар. Мен мусулмандарды жашырынып эмес, үйлөнгөнүӊөрдү ачык айтып жашагыла деп чакырып кетет элем»,-деп билдирди Чубак ажы Жалилов.

Соцтармактарда бул видео талкууга алынды.

Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү адамдардын нааразылыгын туудурган. Укук коргоочулар Чубак ажыга карата прокуратурага арыз беришти.

Эске салсак, Кыргызстандын Конституциясына ылайык, жарандык мамлекет, көп аял алууга, Негизги мыйзам боюнча, тыюу салынат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9619



Добавить комментарий