"Сезим" борбору: Биздин уюм Чубак ажынын жубайына байланыштуу маалыматты жайылткан эмес

9 декабря 2017 16:10 5202 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 9-декабрда, "Сезим" кризистик борбору, мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун расмий никедеги жубайынын катына байланыштуу расмий билдирүү таратты.

Кризистик борбордун билдирүүсү:

"Кечээ жана бүгүн социалдык тармактарда биздин борборду кайрылгандардын купуялуулугун бузду деп күнөөлөп жатышты. Мындай кырдаал Чубак ажы Жалиловдун мыйзамдуу аялына тиешелүү. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен соцтүйүндөрдө Чубак ажынын жубайынын «Сезим» кризистик борборуна жардам сурап кайрылган катынын көчүрмөсү жайылып, аны кыязы ЖМКларга биздин уюм берген деген маалыматтар чыкты. «Сезим» борбору журналисттерге жана блогерлерге бул тууралуу эч кандай маалымат берген эмес деп расмий түрдө жарыялайт жана бул маселени териштирүү үчүн укук коргоо органдары менен мындай билдирүүнү чыгарган редакцияларга кайрылат.

Купуялуулук биздин борбордун ишинин негизги принциптеринин бири, биз, купуялуулукту сактоо шарты менен кайрылган ар бир адамдын укугун сыйлайбыз жана кардарларыбыздын бизге көрсөткөн ишенимин тереӊ баалайбыз. Ишмердүүлүк жылдарыбызда эч качан бул принциптерден баш таркан эмеспиз. Бул азыркы абалга дагы тиешелүү. Биздин дарекке карата далилсиз айыптоолорго түрткү бербөө үчүн, бул маалыматтарды жайылтууну өтүнөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ, 8-декабрда, социалдык тармактарда Чубак ажы Жалиловдун жубайы Гүлнур Жалилованын каты жарыяланган.

Катта анын балдарынын коопсуздугу жана өзүнүн жашоосу үчүн тынчсызданып жатканы билдирилген. Кат «Сезим» кризистик борборуна даректелген.

Ал тиешелүү органдар аны Чубак ажыдан коргоосун өтүнгөн.

Эске салсак, 28-ноябрда, социалдык тармактарда видео жазуу жарыяланган. Анда Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов экинчи ирет үйлөнгөнүн, бирок ошол эле учурда биринчи никедеги жубайы менен ажырашпаганын билдирген болчу.

Чубак ажы, Кыргызстанда башка мусулмандарды дагы, эгер мүмкүнчүлүк болсо, жашоодон кысталган аялдарга үйлөнүүгө чакырган.

"Ооба мен жакында эле экинчи жолу үйлөндүм. Менин эки аялым бар. Жолдошу каза болуп калган жесир аялга үйлөндүм, ал Түркияда бала багуучу болуп иштеген. Шариятка ылайык, эркектер экинчи же үчүнчү аялы кылып жашоодон запкы көргөн, кыйналган же жесир аялдарга үйлөнөт. Бизде азыр кыргыз аялдары акча табам деп мажбур түрдө чет жактарга иштегени кетип жатышат. Биз кыргыз эркектери аларга жардам беришибиз керек, намыстанышыбыз керек. Ошон үчүн мен экинчи аял алдым. Эч кимден жашырган жерим жок, ата-энем, жубайым баарын билишет. Шарияттын бардык мыйзамдарына ылайык үйлөндүм. Албетте менин биринчи аялым капа болду буга, анын кызганууга, капа болгонго укугу бар. Мен мусулмандарды жашырынып эмес, үйлөнгөнүӊөрдү ачык айтып жашагыла деп чакырып кетет элем»,-деп билдирди Чубак ажы Жалилов.

Соцтармактарда бул видео талкууга алынды.

Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү адамдардын нааразылыгын туудурган. Укук коргоочулар Чубак ажыга карата прокуратурага арыз беришти.

Эске салсак, Кыргызстандын Конституциясына ылайык, жарандык мамлекет, көп аял алууга, Негизги мыйзам боюнча, тыюу салынат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9616



Добавить комментарий