Окуучулардын ортосундагы жыныстык катнашты видеого тарткан балдарга чара көрүлөт

27 ноября 2017 10:54 6779 Barometr
Поделиться в:
ok

Россияда мектеп окуучулары, 14 жаштагы бала менен 15 жаштагы окуучу кыздын ортосунда болгон жыныстык катнашты видеого тартып алып, кийин Интернетке жарыялап жиберишкен. Бул тууралуу NUR.KZ жазды.

«Жашы жете элек өспүрүмдөр тобу алкоголдук спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Мындай мас абалда, 14 жаштагы бала менен 15 жаштагы өспүрүм кыз жыныстык катнашка киришкен. Бул учурда батирдеги белгисиз бирөө уюлдук телефондун жардамы менен, өспүрүмдөрдүн уруксаты жок видеого тартып алган. Андан кийин порнографиялык сүрөттөр тартылган видеону Интернетке жүктөп койгон”,-деп РФ Архангельск областы боюнча иликтөө башкармалыгынан билдиришкен.

Учурда буга байланыштуу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн порнографиялык сүрөттөрү менен материалдарды даярдоо жана жайылтуу фактылары боюнча иликтөө жүрүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9154



Добавить комментарий