Бүгүн Кыргызстанда жаӊы шайланган президенттин инаугурациясы болот

24 ноября 2017 10:19 626 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 24-ноябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргызстандын жаӊы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болот. Расмий иш-чара саат 10:00дө башталат.

Салтанатка КРдын баатырлары, коомдук, чыгармачыл жана илимий интеллегенциянын өкүлдөрү, Жогорку Кеӊештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Бардыгы 450 адамды түзөт.

Иш-чара Кыргызстандын шайланган президенти тарабынан Кыргызстандын элине ант берүү, президентке күбөлүк, төш белгиси жана мамлекет башчынын штандарттарын берүүнү камтыйт. Белгиленгендей, салтанаттын жыйынтыгында, Бишкекте үч жолку артиллериялык залатылат.

Программага ылайык, Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев Ак үйгө келишет. Жаңы президент ардак кароол алдында Улуттук гвардиянын башчысынын рапортун кабыл алгандан кийин президенттин иш бөлмөсүнө кирет.

Ант берүү салтанаты мамлекеттик телеканал аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Бул маалда Бишкектин борбордук Чыңгыз Айтматов, Манас жана Чүй проспектилериндеги унаа кыймылы убактылуу токтотулат. Инаугурацияга жалпысынан 8 млн. 404 миң сом сарпталары маалымдалган.

Ссылка: https://barometr.kg/content9075



Добавить комментарий