Атамбаев: «Бабановдун келечеги бар жигит болчу. Бирок ал бөлөк президентке жүгүнүүгө чуркап барды»

20 ноября 2017 12:01 4218 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 20-ноябрда, маалымат жыйында Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш ишке түшүндүрмө берип жатып, ал буга өзү күнөөлүү экенин белгиледи.

"Бул баланын келечеги кеӊ болчу, бирок ал адашып алды. Чуркап, күйүп-бышып жүрдү, башка өлкөнүн президентине барып жүгүнүп жүрөт. Бабанов эгер буларды жасабаганда балким баары башкача болмок. Эгер Кыргызстандын президентти болуп Бабанов шайланып калганда, өлкөнү анын ээлери, ар кайсы Утемуратовалар башкармак", - дейт президент.

Президент, Бабановдун Ошто этникалык азчылыктын өкүлдөрүнүн алдында чыкканы – изилдөөнү талап кылат деп ишенет.

"Эгер ал жакта кимдир-бирөөнө чакырыктар көрүнбөй жатса, анда кыргызчага которгула, ошондо түшүнөрсүӊөр", - деди Атамбаев.

Атамбаев Бабановдун тарапташтары Манасты сыйлабайт деп ишенет.

"Бабаноиддерди көрбөдүкпү эми. Таласта алар «Манас» эпосунан үзүндү окутпай коюшту. Бул, кыргыз элинин баалуулуктарын сыйлабагандык дегенди билдирет", - деп кошумчалады президент.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8878



Добавить комментарий