Караколдогу сүйүү окуясы: Кызганычтан улам эркекти бычак менен сайган

17 ноября 2017 13:49 1832 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл областынын Каракол шаарында эркек адамды аны менен чогуу бир үйдө жашаган аял кызганычтан улам жамбаш тушка бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу аймактык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкен.

Милициядан белгилешкендей, окуя 16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү болгон. Бычактан жаракат алган жаран ооруканага жеткирилген. Андан кийин дарыгерлер болжол менен түнкү саат экилерде окуя тууралуу укук коргоо органдарына кабар беришкен. Ыкчам иликтөө кызматкерлер тарабынан протокол түзүлдү.

Жабырлануучу аны менен бирге жашаган аял экөө айтыша кетишип, кийин кызганган аял эркекти бычак менен сайып жиберген деп айтып берген. Милиция окуяны каттоого алып, медэкспертиза дайындалды.

"Учурда ал арыз жазабы же андан баш тартабы, көп нерсе жабырлануучудан көз каранды. Ошондой эле, жарандын ден соолугуна зыян келтирүү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын эске алабыз", - деп билдиришти Ысык-Көл областык ИИБсинин басма сөз кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/content8807



Добавить комментарий