Кайраттын жубайы: «Жаӊы келин болуп келгенде эс-дартымдын баары эле сүйүү болчу»

17 ноября 2017 11:35 10623 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын атактуу, таланттуу жылдызы Кайрат Нуртастын жубайы Жулдыз Абдукаримова өзүнүн күйөөгө жаӊы чыккандагы алгачкы күндөрүн эстеп алды. Алгачкы жолу Кайраттын үйүнө келин болуп келген жылдарын кандай өткөнү тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына бөлүштү. Бул тууралуу NUR.KZ билдирди.

«2007-жыл. Жай мезгили. Июнь. Жүрөгүмдө сүйүү, романтика, жылуулук, жан дүйнөм бакытка бөлөнгөн, оюмдун баары сүйүү. Ошол учурда биз 18-19 жаштарда элек, ал кезде биз мамилелердин олуттуулугуна маани берчү деле эмес экенбиз, түшүнчү деле эмеспиз. Биз жөн гана сүйүп, дайыма бирге болууну каалаганбыз. Кайрат менен башка жашоого, биздин бакытка жана түбөлүк сүйүүбүзгө кеткибиз келчү.

Биз баш тартканбыз жана жакындарыбыздын айткандарына кулак салгыбыз келчү эмес. Негизгиси ата-энелерибиз бизге колдоо көрсөтүп, биздин чечимибизди жактырган. Бирок менин атам буларды билчү эмес, кийинчерээк аны да көндүрдүк. Беташардан кийин, а ал болсо үйлөнгөнүбүздөн 2 күн өткөндөн кийин болгон, Кайрат апасы менен Казакстандын шаарларын кыдырып алгачкы гастролдук турга жөнөшкөн. Үйдө болсо атам, 10-12 жштардагы эки бала жана мен калган элек. Мен өзүмдүн үй-бүлөмдө кенжеси болгондуктан, тамак жасаганды билчү эмесмин, а бирок үйдү тазалап жыйноо жагынан эч кимди алдыма чыгарган эмесмин»,-деп жазды Жулдыз.

 

Кайрат Нуртастын келинчеги бул окуянын уландысын дагы жаза турганын убада кылды.

Колдонуучулар болсо бир топ комментарийлерин жаадырышты. Алар Кайрат менен Жулдызга сүйүү жана бакыт каалашты.

"Түбөлүк сүйүү силерге", "Бакыт каалайм Жулдыз!!! Мыкты жубайлар", "Кайраттын багы бар экен сиз бар үчүн! Сиз сулуусуз жана мыктысыз", - деп интернетте комментаторлор каалоо-тилектерин жазып калтырышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8795



Добавить комментарий