Төлбаев: Кыргызстанда аялдардын 70%ы экинчи аял болуп тийүүгө даяр

1 ноября 2017 08:39 4225 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдө колдонуучулар “Мөл булак” чакан насыя компаниясынын башкы директору Бабур Төлбаевдин видео маегин катуу талкуулап жатышат.

Видеодо, Төлбаев журналисттин Кыргызстанда көп аял алууну легалдаштыруу боюнча диний ишмерлердин демилгеси тууралуу суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстанда 70 пайыз аялдарэгер күйөөсү аларды камыыздай алса анда экинчи аялы болууну каалашат деп билдирди.

"Бул динибизде дагы бар, Куран боюнча көп аял алууга уруксат берилет. Эгерде балдары бар орто курактагы турмушка чыга элек аялдардын арасында “силерди камсыздай турган эркеккеэкинчи аялы болуп турмушка чыгат белеӊер?” деп сурамжылоо жүргүзсөк, алардын 70 пайызы макул депле айтарына ишенем мен”,-дейт Төлбаев.

Ага кандай аял жагат деген суроого башкы директор аял унчукпай койгону менен жагышы керек деп белгилеген.

"Аялдар эркектерге жагышы үчүн сөзсүз эле супер бизнесвумен болушу шарт эмес. Эмнегедир университетте дагы ушундайлар менен жаштардын башын катырышууда. Мунун баары болбогон сөз. Аялдарга бул керекги жок. Фениз бул болбогон нерсе, аны аял терроризми деп койсо болот. Феминизм – радикализм»,-деп эсептейт ал.

Б.Төлбаев аял үчүн башкы маанилүү нерсе бул турмушка чыгып бала төрөө деп билдирди.

"Аял 20 жашка келгенде сөзсүз билим алышы керек, жогоркубу же ортобу ал маанилүү эмес. Андан кийин алар күйөөгө тийип көп балауу болушу керек", - деп ишенет ал.

Төлбаевдин видеосу интернетте катуу талкууну жаратты. Көпчүлүк коллдонуучулар анын айткандарын аялдарды кордогон иретинде сүйлөгөн деп эсептешүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8256



Добавить комментарий