Маданият министрлигине куудул Күмөндөр Абыловдун талапкерлиги каралууда

28 октября 2017 20:52 5609 Barometr
Поделиться в:
ok

Маданият министри кызматына белгилүү куудул Күмөндөр Абыловдун талапкерлиги каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда, Barometr.kg сайтына өкмөттүн жеке булактары билдиришти.

Маалыматка ылайык, куудул шайлоодо талапкерлердин бирине ар кандай колдоолорду көрсөткөн.

Эске салсак, бүгүн, Түгөлбай Казаков КРдын Маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан өз каалосу менен кетти. Президент анын отставкасы тууралуу буйрукка кол койгон.

Белгилесек, шайлоолордон кийин Түгөлбай Казаковдун дарегине карата айрым ЖМКларда сын-пикирлер күчөгөн. Анын ичинде, министрдин мумияны көмүү боюнча чечими ар тараптуу пикирлерди жараткан. Кийинчирээк тарыз музейинде экспонаттардын жоголгондугу тууралуу маалыматтар пайда болгон.

 

Мыйзамга ылайык, премьер министрлерди отставкага кетире албайт. Министрлер өкмөттүн отставкасы же жеке эрки учурунда гана кызматын тапшыра алышат. Киргизилген оӊдоолорго ылайык, премьер министрлерди кызматтан бошотууга ыйгарым укугу болот, мындай мыйзам 2017-жылдын 1-декабрында гана ишке ашат

Ссылка: https://barometr.kg/content8146



Добавить комментарий