Жуматай Дубашев, “Байзак” командасынын оюнчусу: «Башка спорттордон хоккейдин айрымасы кыймылды көп талап кылат»

7 февраля 2017 10:20 449 Barometr
Поделиться в:
ok

Жуматай мырза, хоккейге кандайча келип калгансыз?

Эки байкем биригип  “Тенти аке” командасында ойночу. Ошолорду ээрчип муз аянтчасына чыгып жүрүп хоккейге аралашып кеттим. Экипировка  абдан кымбат турат. Сатып алалы десек  акча жетпейт. Андыктан өзүбүз акча чогултканга туура келет. Мен “Арстан” командасында дагы ойнойм. Ал команда толугу менен Кыргызстандын курама командасында ойнойт.  Ал жактан үйрөнүп келип бул жактагы Байзактын балдарына үйрөтөбүз. Башка спорттордон  хоккейдин айрымасы  кыймылды көп талап кылат,  коньки дагы тээп,  шайбаны дагы кубалаш керек.  Футболду ойной албайм,  досторум футболго чакырганда барып топко жетпей кыйналып атканда  “мунун бутуна коньки байлап коюш керек”-деп тамашалап калышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content758



Добавить комментарий