Белгилүү ырчы Гүлбүбү Ороскул кызы каза болду

6 октября 2017 16:48 6271 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы “Достор” тобунун солисткасы, КТРКнын “Сармерден” көрсөтүүсүнун алып баруучусу Гүлбүбү Ороскул кызы  41 жашында каза болду. Бул туурасында жеке булактар barometr.kg сайтына кабарлашты.

Гүлбү Ороскул кызынын эмнеден каза болгону азырынча белгисиз. Жакындарынын айтымында ырчы өзүн жаман сезип тез жардам чакырышкан.

Гүлбү Ороскул кызы белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы. Эки кыздын энеси.  Ырчы буга чейин 42 жашында каза тапкан "Сармерден" берүүсүнүн алып баруучусу жана ырчы Гулзат Батырканованын ордуна аталган берүүнү да алып барып жүргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content7261



Добавить комментарий