Суусамырда белгисиз адамдар парламенттин депутатынын бир тууганынын үйүн өрттөп кетишти

28 августа 2017 11:49 4756 Barometr
Поделиться в:
ok

 Суусамыр өрөөнүндө белгисиз адамдар Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Молдобековдун үйүн өрттөп кетишти. Бул тууралуу Barometr.kgге жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Өткөн түнү белгисиз себептер менен айыл өкмөт башчысынын үйү өрттөнүп кеткен.

 “Анын үйү Бишкек-Талас унаа жолунун боюнда жайгашкан. Азыр эми урандылары эле калды. Анын Бекмолдо айылында дагы үйү бар”,-деп айтышты тургундар

Ошол эле учурда алар бул кырсык Молдобекводун ишмердигине байланыштуу болушу ыктымал деп болжолдошууда.

“Анын  тууганы Гулкан Молдобекова парламентте депутат ошондуктанбы ал жергиликтүү элди укпай таарынтып алган учурлары болгондур. Кимдир бирөө таарынып жүрсө керек”,-деп болжолдойт жергиликтүү тургун.

Эскерте кетсек, Жерүй кени Бекмолдо айыл өкмөтүндө жайгашкан. Кубанычбек Молдобеков айылды кенге карата конкурс жүргүзүлгөндөн тартып жетектеп келет.

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5658



Добавить комментарий